БИШКЕК,6-апр. — Sputnik. Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында үч кыргызстандык финалга чыкты.
Грек-рим күрөшү боюнча Афтандил Таалайбек уулу (63 кг) түркмөн балбаны Азатжан Ачиловду жеңди.
Ал эми Акжол Махмудов (77 кг) казакстандык Дониёрхон Накибовду 9:0 менен жеңип алды. Буга чейин ал жапон балбаны Исами Хорикитаны 7:3 эсебинде жеңип, чейрек финалда Кахарман Киссыметовду 9:1 эсебинде уткан.
Ошондой эле Асан Жанышов (87 кг) казакстандык Нурсултан Турсыновду утуп, финалга жолдомо алды. Ага чейин Довлетмурат Байрамовду 10:0 эсебинде тушеге жыгып, жарым финалга чыккан.
"Жаштык аренада" бүгүн башталган күрөш боюнча Азия чемпионаты 12-апрелге чейин уланат. Балбандар грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча күч сынашат. Жалпысынан 350гө жакын балбан катышып, 30 комплект медаль ойнотулат.