БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. 7-апрель, шейшембиде, өрөөндөрдө күн ачык болот, бирок күндүз шамалдын ылдамдыгы секундасына айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22...+27 градус, Талас аймагында +19...+24, Ысык-Көл менен Нарында +16...+21 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +24...+26, Ош шаарында +22...+24 градуска чейин көтөрүлөрү айтылды.