Кадамжайда жайлоого кеткен 69 жаштагы киши дайынсыз болууда

Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районунда жайлоого эс алууга чыккан 69 жаштагы киши дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалымдалгандай, окуя 4-апрелде Шывран айылындагы Аркалык жайлоосунда болгон. Эс алууга беш адам барып, бирөө дайынсыз болуп жатат.
Бүгүн аны издөөгө 90 адам чыкты.
Бишкекте дайынсыз жоголгон 17 жаштагы кыз Караколдон табылды