Капиталисттик өлкөдө ар бир адам өзүнүн жеке ишкерлигин жасагысы келет. Каржылык көз карандысыздыкты биринчи планга коюп, ошого умтулат. Мындай ынтызарлык мектепте окуган баладан тартып, көп жыл эмгектенген ордунан кетип, пенсия курагына жеткен адамдарда да болот. Жашоосуна бир өзгөчөлүк киргизип, кайсы бир тармакта өзүнүн жеке компаниясын ачкысы келет. Албетте, бул жакшы көрүнүш.
Тилеке каршы, мындай аракеттерди дайыма эле ийгилик коштой бербейт. Тескерисинче, көп учурда ар кандай себептерден улам баштаган бизнеси оңунан чыкпай жабылып калат. Мындайда адатта билимдин жетишпегендигин айтышат.
Бирок, кандай билим керек? Соңку жылдары жаандан кийинки козу карындай жайнаган курстардан майнап чыгуудабы? Стартап ээси менен окутуп, үйрөтүүчүлөрдүн ою дайыма эле бир жерден чыгабы? Негизи мындай башатта башкы максат эмне болушу керек? Жалаң гана акча табуубу же андан да чоң нерселер барбы?
Биз бүгүн бул суроолорго Кыргыз-япон адам ресуртарын өнүктүрүү борборунун башкы эксперти Нураи Сыдыкова жана экономист-изилдөөчү Улукман Мамытов менен жооп издеп көрдүк.