Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Жети-Өгүздө жалгыз бой энелер үчүн социалдык шаарча курулуп жататКыргызстандын нан азыктарына суроо-талап көбөйдүЖазгы талаа жумуштарына 10 миңден ашык техника тартылдыТөрага Марлен Маматалиев Жогорку Кеңеште жарандарды кабыл алуу максатында жасалып жаткан коомдук кабылдама менен таанышты. Парламенттен билдиришкендей, Марлен Маматалиевдин тапшырмасы менен парламентке келген жарандар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатында коомдук кабылдаманын форматын өзгөртүү иштери жүрүүдө. Тактап айтканда, коомдук кабылдамада жасалма интеллект менен иш алып барган заманбап технологиялар жайгаштырылып, жарандарды кабыл алуу толугу менен санариптешет. Ошону менен бирге балалуу энелерге да ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
Өлкө боюнча жазгы айдап-себүү жумуштарына карата айыл чарба техникалары оңдоп түзөөдөн өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, республика боюнча талаа жумуштарына жалпысынан 22 миң 389 трактор даярдалат. Бүгүнкү күндө 8 миңден ашык жер айдоочу жана 3,5 миңден ашык үрөн себүүчү техника өнөктүккө катышууда. Министрликтен белгилешкендей, республика боюнча 95 миңден ашык айыл чарба техникалары бар.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында жалгыз бой энелер үчүн социалдык шаарча курулуп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган райондун акими Эрмек Бахавидинов билдирди. Анын айтымында, салынган үйлөр дароо кирип жашоого даяр болуп, жашоо-шарты начар жалгыз бой 100 энеге берилет. "Айыл өкмөттөн үч гектар жер бөлүп бергенбиз. Үйлөр кайрымдуулук фонду тарабынан 170 миллион сомго курулуп жатат. Бардык шарты, эмереги менен болот. Буюрса, жайында берилет", — деди район жетекчиси. Ал ошондой эле социалдык шаарчада кичи стадион, ФАП, мечит жана кондитердик цех салынарын кошумчалады. Бала бакча куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Чет өлкөлөрдө Кыргызстандан чыккан нанга жана таттуу токочторго суроо-талап өсүүдө. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка караганда, январь айында өлкө мындай азыктан 292 тонна экспорттогон. Бул өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 17,5 пайызга көп. Анын 80 пайыздан ашыгын ЕАЭБге мүчө өлкөлөр сатып алышкан. Калганы Кытайга, Монголияга, Тажикстанга жана Түркмөнстанга жөнөтүлгөн.
Мунарбек Сейитбек уулу бокс боюнча эл аралык турнирде жеңүүчү болду Мушкер Стамбулда өткөн эл аралык мелдеште 60 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, алгачкы беттеште өзбекстандык, австралиялык, германиялык атаандаштарын жеңди. Ал эми финалда 5:0 эсебинде украиналык мушкер Иван Завадскийди утуп алган.
Энергетикалык каатчылыктын улагасында турган Европа россиялык ресурска муктаж, Украина анын жеткирилишин үзгүлтүккө учуратууда. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан соцтармактагы баракчасынан билдиргенин РИА Новости жазды. Жекшемби күнү Сербиянын президенти Александр Вучич Орбан менен телефон аркылуу сүйлөшүп, россиялык газдын Венгрияга кеткен түтүгүнүн жанынан жардыруучу зат табылганын кабарлаган. "Европа болуп көрбөгөндөй энергетикалык кризиске кабылганы турат. Европалык өлкөлөргө Россиянын энергиясы абдан керек. Ал эми Украина бизди андан ажыратуу үчүн болгон аракетин көрүп жатат", — деген премьер видео кайрылуусунда.