ПИНдеги каталарды оңдоону жөнөкөйлөтүү: жарандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр

Sputnik
Кыргызстанда персоналдык идентификациялык номердеги (ПИН) каталарды оңдоо маселеси актуалдуу бойдон калууда. Жарандардын маалыматтарындагы так эместиктер социалдык кызматтарды алууда жана мамлекеттик каттоолордо бир катар кыйынчылыктарды жаратып келет.
Жакында Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети ПИНдеги каталарды оңдоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Өзгөртүүлөргө ылайык, мурдагы чектөөлөр алынып салынып, техникалык каталарды оңдоого кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт.
“Спутниктен сүйлөйбүз” программаларынын алкагында Президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин ИЖНди иштеп чыгуу бөлүмүнүн башкы адиси Назик Сопонова жана ушул эле бөлүмдүн адиси Гүлбарчын Нурмамбетова аталган маселелер боюнча кеңири маалымат беришти.