Бишкекте креативдүү индустриялардын Create4 Design фестивалы өтөт. Өлкөдөгү эң ири платформа катары бул иш-чара креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө, “жаратман” коомчулугун бириктирүүгө жана идеяларды реалдуу экономикалык мүмкүнчүлүктөргө айлантууга багытталат. Креативдүү экономика өлкөнү өнүктүрүүнүн күчтүү драйвери боло аларын, тармактын мүмкүнчүлүктөрүн Креативдүү индустриялар ассоциациясынын жетекчиси Назгүл Кубакаева айтып берди.