Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн менен биргеликте “Jashyl Dem Fest ” жазгы экологиялык фестивалына катышты. Минкаб төрагасы жана минкабдын мүчөлөрү “Ала-Тоо” полигонунда пландалган аскердик машыгуулар аяктагандан кийин баары биргеликте экологиялык иш-чарага келишти. Фестивалдын борбордук иш-чарасы флагштоктун жанында жайгашкан Байтик айылында өттү. Анда Адылбек Касымалиев жана министрлер кабинетинин мүчөлөрү бадам, жаңгак жана өрүктүн көчөттөрүн отургузушту. Акциянын жүрүшүндө минкаб төрагагасы бакчаларды отургузулган көчөттөрдүн мындан ары да каралуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.Бул аймак президентинин Иш башкармалыгынын карамагында, ал зарыл болгон агротехникалык иштердин баарын аткарат, анын ичинде сугарууну жана отургузулган бак-дарактарды коргоону камсыз кылат. Эки күндүк экологиялык марафондо жалпысынан 70 миңге жакын көчөт отургузулду.
Кыргызстан Россиядан асыл тукум мал алуунун көлөмүн көбөйткүсү келет. Бул тууралуу эки өлкөнүн айыл чарба министрлеринин жолугушуусунда айтылганын өкмөттөн билдиришти. Маалыматка караганда, минкаб төрагасынын орун басары, айыл чарба министри Эрлист Акунбеков менен РФтин айыл чарба министри Оксана Лут Москвада жолугушкан. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Эрлист Акунбеков Кыргызстан Россиянын рыногуна эт, сүт, кайра иштетилген тамак-аш, балык азыктарын экспорттоону дагы да көбөйтүүгө кызыкдар экенин айткан. “Кыргыз тарап Жаныбарларды коргоо боюнча бүткүл россиялык илим-изилдөө институту менен заманбап вакциналарды жеткирүү, тажрыйба алмашуу, адистерди даярдоо боюнча өнөктөштүктү бекемдөөгө кызыкдар”, — деген Акунбеков. Белгилей кетсек, жолугушууга Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын жетекчиси Сергей Данкверт да катышкан.
Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында көмүр казуучу компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда ал көмүр казуучу компаниялар өздөрүнүн көйгөйлөрү жөнүндө айтып, аларды чечүүнү суранышканын белгиледи."Мен аларга мыйзам долбоорун иштеп чыгып, бизге тапшырууну сунуштадым. Мен алардын мыйзам долбоорун карап чыктым. Менимче, алар мамлекеттин да, бизнестин да кызыкчылыктарын эске алган тең салмактуу мыйзам долбоорун жазышты. "Кыргызкөмүр" ишканасы бул боюнча өз пикирин берет, биз болсо өз пикирибизди бир жуманын ичинде сунуштайбыз. Бир жумадан кийин дагы бир эксперттик деңгээлдеги жыйын өткөрөбүз. Эгерде парламент бул мыйзам долбоорун каникулга чейин кабыл алса жана президент ага кол койсо, бул көмүр өнөр жайын жөнөкөйлөштүрүүгө алып келет", — деп баса белгиледи ал.
Франция АКШнын “вассалы” болгусу келбейт. Бул тууралуу Эммануэль Макрон айтканын РИА Новости жазды.Бейшембиде Франциянын президенти жубайы Брижит менен Түштүк Кореяга эки күндүк иш сапар менен барган. Ал гегемонияга каршы туруу максатында Европа өлкөлөрүнө жана Бразаилия, Япония, Австралия, Тү