БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Жакынкы Чыгыштагы аракети менен Европага сокку уруп, Россия лидери Владимир Путиндин жүгүн жеңилдетүүдө. Бул тууралуу The Atlantic жазганын РИА Новости кабарлады.
"Американын европалык санаалаштары үчүн Ирандагы согуш оор стратегиялык сокку болду. Россия менен Украина кыл чайнашып, кимибиз аягына чейин чыдаар экенбиз деп турган чакта Иран согушу Москвага жардам берип, Киевге кесепетин тийгизип жатат", — деп айтылат макалада.
Басылма Москва мунайдын асмандап кеткен баасынан улам күтүүсүз кошумча каражатка ээ болуп жатканда Перс булуңунун мамлекеттери америкалык ракеталардын запасын тездик менен түгөтүп баратканын жазды. Автор бул Владимир Зеленский чыдамсыздык менен көптөн күткөн ресурс экенин белгилеген.
Мындан тышкары, Трамптын Германия, Япония, Улуу Британия, Франция, Канада жана Евробиримдиктин каршылыгына карабай россиялык мунайга салынган санкцияларды алуу чечими Вашингтон үчүн Европанын мүдөө-максаты анчейин маанилүү эмес экенин көрсөткөнү айтылат.
Эскерте кетсек, АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик операциясынын башталганына бир айдан ашты. Ошондон бери тараптар бири-бирине сокку уруп жатат. Абалдын чыңалышы Ормуз кысыгынын жабылышын шарттады. Бул араб мамлекеттеринен мунай жана суюлтулган газ ташылчу бирден-бир маршрут эле.