Жамгыр жаап, кар түшөт. 12-апрелге чейинки аба ырайынын божомолу

Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет кызматы 6-апрелден 12-апрелге чейинки республика боюнча аба ырайынын божомолун жарыялады.
Синоптиктердин айтымында, 8-апрелге чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу), 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу), Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) жана Каракол — Эңилчек автоунаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул күндөрү ашууларда жолдор тайгак болуп, муз тоңот, айдоочулар алдыдагы автоунаа менен 500 метр аралыкты сакташы керек.

Чүй, Талас облустары

Аймактардын айрым жерлеринде апта башы күн күркүрөп, жамгыр жаашы күтүлөт. Тоолуу райондорго кар түшөт. Синоптиктер 8-9-10-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаай турганын билдиришти. Ишембиде ала булут каптап, жекшембиде күн ачылат. 6-7-8-апрелде катуу шамал болушу божомолдонду.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен жергеси

Республиканын түштүк аймактарында 7-апрелден тарта күндүн көзү бузулуп, 8-9-апрель күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Тоолуу аймактарга кар түшөрү күтүлүүдө. 10-11-апрелде ала булут каптап, 12-апрелде айрым жерлерде күн күркүрөйт.

Ысык-Көл жана Нарын аймактары

Ысык-Көлдө келерки апта ичи жаан-чачындуу болот. 10-апрель күнү көпчүлүк жерде, калган күндөрү айрым жерлерде жамгыр жаайт. Тоолуу райондорго кар түшүп, 6-7-8-апрелде катуу шамал болушу күтүлүүдө.
Ысык-Көлдө Су-25 учагынан машыгуу учурда эки ок-дары ээн талаага түшкөн