6-апрелге карата аба ырайы

6-апрелде күндүз республиканын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 20…25, Талас облусунда 19…24, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 21…26, Ысык-Көл, Нарын чөлкөмдөрүндө 18…23 градус жылуу болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 22…24, Ош шаарында 23…25 градуска жетет.
Апрелде аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин бир айлык божомолу