Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен кабарлашты. Маалыматта белгиленгендей, капсула салуу аземине коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Иш-чара салтанаттуу шартта дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өттү. “Капсуланын салынышы аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү баскычы болуп саналат”,-деп айтылат маалыматта.
2025-жылкы үлгүдөгү Кыргызстандын улуттук айдоочулук күбөлүгүн легалдаштыруу жана чет мамлекеттерди дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана консулдук мекемелер аркылуу маалымдоо боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата 2025-жылкы үлгүдөгү Кыргызстандын улуттук айдоочулук күбөлүгүн тааныбоо тууралуу министрликтин дарегине расмий кайрылуулар түшкөн жок. "Кыргызстандын улуттук айдоочулук күбөлүгү таанылбай жатат деген маалыматтар расмий тастыктамага ээ эмес жана чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын расмий билдирүүлөрүнө негизделбейт", - деп белгилешти министрликтен. Ошондой эле ведомство жүк жана жүргүнчү ташуучу транспорт каражаттарынын айдоочусу катары Европа бирлигине мүчө мамлекеттерде эмгек ишмердүүлүгүн пландаштырып же жүргүзүп жаткан кыргыз жарандарына колдонуудагы талаптар тууралуу да маалымдады.
29–30-апрелде Ош шаарында "Ала-Тоо жазы" студенттердин фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, маданий иш-чара Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген таланттуу жаштарды бириктирип, алардын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн кеңири коомчулукка тартуулоону максат кылат. Фестивалда вокалдык искусство, классикалык музыкалык аспаптарды ойноо, фольклордук аткаруучулук жана хореография багыттарында чыгармалар тартууланат. Иш-чара эки баскычта уюштурулат: биринчи баскычта жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын ичинде тандоо турлары өтсө, экинчи баскычта финалдык этапка өткөн мыкты командалар күч сынашат. Белгилей кетсек, сынакка Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын студенттери жана музыкалык же искусство багытындагы факультеттерде окуган студенттер катыша алышпайт.
АКШ менен Иран жаңжалын чечкенге ортомчу болгондор туңгуюкка кептелгенин Wall Street Journal басылмасы жазды.Буга чейин Пакистан, Сауд Арабиясы, Түркия жана Египет Исламабадга чогулуп, Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы жаңжалды токтотуу маселесин талкуулашкан. Жолугушуудан кийин Пакистандын тышкы иштер министри АКШ менен Ирандын өкүлдөрүн тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүү үчүн кабыл алууга даяр экенин билдирген.“Пакистан жетектеп жаткан АКШ менен Ирандын ортосунда ок атышууну токтотуу боюнча аракет туңгуюкка кептелди”, — деп айтылат билдирүүдө. Белгиленгендей, жакынкы күндөрү Ирандын расмий өкүлдөрү Исламабадда америкалык расмий адамдар менен жолукпайт. Ошол эле учурда басылма Түркия менен Египет сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн башка жайларды карап жатканы айтылган. Ал Доха же Стамбул болушу мүмкүн.