Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Бишкекте келин эки баласы менен 6-кабаттан кулап, эне менен бир жаштагы чүрпөсү каза болду. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.Маалыматка караганда, окуя бүгүн саат 17:10 чамасында Жал кичи районунда болгон.“27 жаштагы келин ошол жерден эле мүрт кеткен. 1 жаштагы кызы ооруканада чарчап калган. Ал эми 5 жаштагы баласы учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат”, — деп айтылат кабарда.Шаардык милиция каза болгон келиндин 34 жаштагы күйөөсү суицидге жеткирүүгө шектелип кармалганын билдирди. Тергөө уланууда.
Баатыр энелерге ай сайын берилчү кошумча төлөмдү 5000 сомго жеткирүү сунушталды. Демилге ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына илинди.Мыйзамды эл өкүлдөрү Марлен Маматалиев менен Камила Талиева сунуштап жатат. Учурда аталган төлөм 1000 сомду түзөт. Аны 5000 сомго көтөрүү үчүн бюджеттен жылына 1,6 миллиард сомдон ашык каражат талап кылынары айтылган.Мындан тышкары, долбоордо “социалдык жөлөк пул” түшүнүгүн “социалдык пенсия” деп өзгөртүп, аны башкаруу функцияларын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен Социалдык фондго өткөрүү сунушталган. Учурда Кыргызстанда 110 миңден ашык адам социалдык жөлөк пул алары кошумчаланган.
“Манастан Айтматовго карай: гуманитардык илимдердин актуалдуу маселелери” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Президенттин кеңешчиси Марат Иманкулов мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун атынан белгилүү адабиятчыны мааракеси менен куттуктады. Президент куттуктоосунда маареке ээсинин кыргыз гуманитардык илиминин өнүгүшүнө кошкон зор салымын өзгөчө белгиледи. Анын өмүр жолу улуттун руханий баалуулуктарын чыңдоого багытталган үзүрлүү эмгек катары бааланды. Ошондой эле мамлекет башчысы тарабынан Абдылдажан Акматалиевдин манастаануу, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөө жана элдик оозеки мурастарды жайылтуу багытындагы ишмердүүлүгү аркылуу кыргыз маданиятынын дүйнөлүк илимий чөйрөдө таанылышына кошкон салымы жогору бааланды. Президент Садыр Жапаров маараке ээсине бекем ден соолук, узак өмүр каалап, мындан ары да өлкөнүн илимий жана руханий өнүгүшүнө салым кошо берерине ишеним билдирди.
Европа Россиянын мунайын жалбарып жатып сатып алган күн келет. Бул тууралуу аналитик Ларс Берн SwebbTV эфиринде билдиргенин РИА Новости жазды.Ал АКШ менен Ирандын ортосундагы согушта эң чоң жеңиш Москваныкы болгонун айтып, Европанын келечегин өтө караңгы деп баалаган.“Путин Кремлде жай баракат отуруп эле Россиянын ресурстарына болгон баа асмандап жатканына күбө болот. Менин билишимче, РФтин буудай экспорту буга чейин эле 170 пайызга өскөн”, — деген Берн. Анын айтымында, Европаны кыйынчылык күтүп турат. Дүйнөнүн айрым аймактарында жасалма жер семирткичтердин жетишсиздигинен улам ачарчылык да келип чыгышы мүмкүн. Аналитик Европа толугу менен көз каранды экенин, табигый ресурстары аз экенине карабай өзүнөн-өзү эле Россиядан күйүүчү май албай койгонун белгилеген. Ал европалык лидерлер текеберлигин токтотуп, Россиядан керектүү нерселерди сатып алууну суранган күн келерин айткан.