БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Сербияда Россиянын газын Венгрияга жеткирген түтүктүн жанынан жарылуучу зат табылды. Бул тууралуу өлкө президенти Александр Вучич билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, полиция Венгрия менен чек арага жакын магистралдык газ түтүгүнүн жанынан детонаторлор жана жарылуучу заттар салынган эки рюкзак тапкан.
"Жарылуу болсо кеминде Венгрия менен Сербиянын түндүк бөлүгү бир нече күнгө газсыз калып, энерготармагы жабыркамак. Маанилүү инфраструктурага коркунуч туудурган бардык кадамдар катуу жазаланат", — деп эскертти Вучич.
Ал арада Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан буга байланыштуу бүгүн коопсуздук кеңешинин жыйынын чакырганы жатат.
Ал эми Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова саясий, экономикалык жана энергетикалык жолдор менен Венгрияны көз карандысыздыгынан ажыратууга аракеттер болуп жатканын белгиледи.