Данияр Амангелдиев Москвада Алексей Оверчук менен жолугушту

Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Москвада Россиянын вице-премьери Алексей Оверчук менен жолугушту. Бул тууралуу Россия өкмөтүнөн кабарланды.
“Кыргызстан менен Россияны бекем өнөктөштүк байланыштары бириктирет. Алар ишенимге жана бири-бирин колдоого негизделген. Ортобузда соода жүгүртүүнү көбөйтүү жана отун-энергетика тармагындагы кызматташууну өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар”, — деди Алексей Оверчук Данияр Амангелдиев менен жолугушууда.
Тараптар мындан ары да алаканы бекемдөөгө даяр экенин ырасташты.
Амангелдиев Кыргызстанда АЭС куруу долбоору кайсы стадияда экенин айтты