Кыргызстан Россиядан асыл тукум мал алуунун көлөмүн көбөйткүсү келет

Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Кыргызстан Россиядан асыл тукум мал алуунун көлөмүн көбөйткүсү келет. Бул тууралуу эки өлкөнүн айыл чарба министрлеринин жолугушуусунда айтылганын өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка караганда, минкаб төрагасынын орун басары, айыл чарба министри Эрлист Акунбеков менен РФтин айыл чарба министри Оксана Лут Москвада жолугушкан.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Эрлист Акунбеков Кыргызстан Россиянын рыногуна эт, сүт, кайра иштетилген тамак-аш, балык азыктарын экспорттоону дагы да көбөйтүүгө кызыкдар экенин айткан.

“Кыргыз тарап Жаныбарларды коргоо боюнча бүткүл россиялык илим-изилдөө институту менен заманбап вакциналарды жеткирүү, тажрыйба алмашуу, адистерди даярдоо боюнча өнөктөштүктү бекемдөөгө кызыкдар”, — деген Акунбеков.

Белгилей кетсек, жолугушууга Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын жетекчиси Сергей Данкверт да катышкан.
Кыргызстан шарп ылаңына каршы Россиядан 4,5 миллион доза вакцина алат