БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда эреже бузууларды аныктаган камералар иштей баштады. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, система аталган жолдун Чүй облусунун аймагындагы бөлүктөрүндө иштеп баштаган.
Аппараттык-программалык комплекстер төмөнкү укук бузууларды аныктайт:
белгиленген ылдамдыктын чегинен ашыруу;
карама-каршы тилкеге чыгуу;
кызыл чыракка өтүү;
коопсуздук курун тагынбоо;
жол белгилеринин жана чийиндердин талаптарын аткарбоо;
мамлекеттик номери жок, жасалма же окулбаган абалда жүрүү;
“Коопсуз шаардын” камераларына түшүп, төлөнбөгөн айып пулдар.
Мекеме комплекстер “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында республиканын аймактарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында киргизилгенин кошумчалады.