Европа Россиянын мунайын жалбарып жатып сатып алган күн келет

Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Европа Россиянын мунайын жалбарып жатып сатып алган күн келет. Бул тууралуу аналитик Ларс Берн SwebbTV эфиринде билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал АКШ менен Ирандын ортосундагы согушта эң чоң жеңиш Москваныкы болгонун айтып, Европанын келечегин өтө караңгы деп баалаган.

“Путин Кремлде жай баракат отуруп эле Россиянын ресурстарына болгон баа асмандап жатканына күбө болот. Менин билишимче, РФтин буудай экспорту буга чейин эле 170 пайызга өскөн”, — деген Берн.

Анын айтымында, Европаны кыйынчылык күтүп турат. Дүйнөнүн айрым аймактарында жасалма жер семирткичтердин жетишсиздигинен улам ачарчылык да келип чыгышы мүмкүн. Аналитик Европа толугу менен көз каранды экенин, табигый ресурстары аз экенине карабай өзүнөн-өзү эле Россиядан күйүүчү май албай койгонун белгилеген. Ал европалык лидерлер текеберлигин токтотуп, Россиядан керектүү нерселерди сатып алууну суранган күн келерин айткан.
Путин: Ирандагы окуялар энергетика рыногуна тикелей таасирин тийгизе баштады