Баатыр энелерге ай сайын берилчү кошумча төлөмдү 5000 сомго жеткирүү сунушталды

Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Баатыр энелерге ай сайын берилчү кошумча төлөмдү 5000 сомго жеткирүү сунушталды. Демилге ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына илинди.
Мыйзамды эл өкүлдөрү Марлен Маматалиев менен Камила Талиева сунуштап жатат. Учурда аталган төлөм 1000 сомду түзөт. Аны 5000 сомго көтөрүү үчүн бюджеттен жылына 1,6 миллиард сомдон ашык каражат талап кылынары айтылган.
Мындан тышкары, долбоордо “социалдык жөлөк пул” түшүнүгүн “социалдык пенсия” деп өзгөртүп, аны башкаруу функцияларын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен Социалдык фондго өткөрүү сунушталган.
Учурда Кыргызстанда 110 миңден ашык адам социалдык жөлөк пул алары кошумчаланган.
Өлкөдө үч жашка чейинки балдарга 1 200 сомдон жөлөк пул бериле баштайт