Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин депутаттарына планшеттер таратылганын билдирди Депутат жаңы техникалар сыналып жатканын жана каражат үнөмдөөгө мүмкүндүк берерин айткан. “Шейшембидеги бюджет боюнча комитетте залда докладчы болот, ал эми маморгандардын өкүлдөрү Zoom аркылуу жооп беришет. Бардык материалдар электрондук болот. Мисалы, деңиз соодасы боюнча кодекс 117 барак. Бул бир эле мыйзам долбоору, аны 20 депутатка таратуу керек. Демек, кагазга жакшы эле үнөм болот”, — деди Бекешев. Ошондой эле ал жасалма интеллект мыйзам долбоорлорун түшүндүрүп, эл өкүлдөрүнө жардам берерин кошумчалады.
Көмүр тармагындагы ишмердүүлүктү тартипке салуучу жаңы мыйзам долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу журналисттерге "Сүлүктү шаарындагы жер астынан көмүр казып алуучу ишканалардын ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин директору Бакытбек Сапаркулов билдирди. Анын айтымында, бул документ көмүр казуучу компаниялар менен мамлекеттин ортосундагы мамилелердин ачык-айкындуулугун камсыздоого багытталган. "Мыйзам долбоорунда бардык актуалдуу маселелер, анын ичинде калк үчүн көмүрдүн баасын жөнгө салуу жагдайлары да камтылган", - деди Сапаркулов. Ассоциация жетекчиси учурда ишканалар туш болуп жаткан негизги көйгөй катары көмүрдү экспортко чыгаруудагы тоскоолдуктарды жана татаалдыктар экенин билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстанда атомдук электр станциясын куруу долбоору азыр кайсы деңгээлде экенин айтып берди. Ал өкмөт бул маселе боюнча “Росатом” менен сүйлөшүүлөрдү улантып жатканын белгиледи. "Биз “Росатом” менен инфраструктура түзүү жана кадрларды даярдоо боюнча кызматташып жатабыз. Маселе референдумга да чыгарылышы керек. Биз мунун артында келечек бар экенин, энергетикалык кризис чечилерин түшүнүп турабыз. Экономика өсүп жаткан чакта кубаттуулукка муктаждык дайыма болот", — деди ал.
Евразия транспорттук коридорлорун түзүү максатында ЕАЭБ өлкөлөрү ылдам жүрүүчү автоунаа жолдорунун тармагын өнүктүрүүнү өз ара шайкештикке келтирди.Бул тууралуу РФ транспорт министри Андрей Никитин "РИА Новости" агенттигине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, жалпы инфраструктуранын бири-бирине шайкеш келиши өтө маанилүү жана муну биримдикке кирген бардык өлкөлөр түшүнүп жатышат.
Франция АКШнын “вассалы” болгусу келбейт. Бул тууралуу Эммануэль Макрон айтканын РИА Новости жазды. Бейшембиде Франциянын президенти жубайы Брижит менен Түштүк Кореяга эки күндүк иш сапар менен барган. Ал гегемонияга каршы туруу максатында Европа өлкөлөрүнө жана Бразаилия, Япония, Австралия, Түштүк Кореяга коалиция түзүүнү сунуштоодо. Ошондой эле ал Вашингтондун кайсарлыгы жакпай жатканын кошумчалаган. Буга чейин Трамптын “Франциянын президентин аялы урат экен” деген сөзүнө Макрон адепсиздик жана орунсуз деп баа берген.