АКШ менен Иран жаңжалын чечкенге ортомчу болгондор туңгуюкка кептелди

Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. АКШ менен Иран жаңжалын чечкенге ортомчу болгондор туңгуюкка кептелгенин Wall Street Journal басылмасы жазды.
Буга чейин Пакистан, Сауд Арабиясы, Түркия жана Египет Исламабадга чогулуп, Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы жаңжалды токтотуу маселесин талкуулашкан. Жолугушуудан кийин Пакистандын тышкы иштер министри АКШ менен Ирандын өкүлдөрүн тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүү үчүн кабыл алууга даяр экенин билдирген.
“Пакистан жетектеп жаткан АКШ менен Ирандын ортосунда ок атышууну токтотуу боюнча аракет туңгуюкка кептелди”, — деп айтылат билдирүүдө.
Белгиленгендей, жакынкы күндөрү Ирандын расмий өкүлдөрү Исламабадда америкалык расмий адамдар менен жолукпайт. Ошол эле учурда басылма Түркия менен Египет сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн башка жайларды карап жатканы айтылган. Ал Доха же Стамбул болушу мүмкүн.
Иран ортомчулардан согушту токтотуунун шартын берип жиберди