БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Украина АКШ менен Ирандын созулуп кеткен согушунан улам америкалык ракеталарсыз калышы ыктымал. Бул тууралуу Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорский TVN24 телеканалына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Азырынча колдоо кадимки көлөмдө эле көрсөтүлүүдө, бирок атылган Tomahawk же Patriot ракеталарын элдин баары эсептеп жатат", — деген дипломат.
Ал Трамптын НАТОдон чыгуу ыктымалдыгы тууралуу сөзү жана Киевге жардам кыскарат деген коркунучтан улам Брюссель санааркап жатканын кошумчалап, мунун баарын көз жаздымда калтыруу туура эмес экенин айтты.
"Альтернатива караштыруу зарыл. НАТО — биздин тирөөч, АКШ президентинин сөзүнө да маани бербей кое албайбыз", — деди Сикорский.
Белгилей кетсек, кечээ америкалык лидер Ак үйдө сүйлөп жатып, АКШ Украина жаңжалына катышпашы керек эле деген.
Ага чейин Financial Times өзүнүн маалымат булактарына таянып, Трамп эгер Европа Ормуз кысыгын ачтыруу боюнча коалицияга кошулбаса. Украинага курал-жарак жөнөтүүнү биротоло токтоторун айтып сес көрсөткөнүн жазды.