СССР учурган "Луна-10" станциясынын тарыхы

Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. СССРде 1966-жылдын 3-апрелинде "Луна-10" станциясы дүйнөдө биринчилерден болуп Айдын жасалма спутнигине айланган.
Аны Советтер Союзу жарым кылымдан ашык, тагыраагы, 60 жыл мурда 31-мартта Байкоңур космодромунан "Молния-М" ракетасы менен учурат. Үч күндөн кийин, ылдамдыгын тактык, билгичтик менен басаңдатуудан соң илимий жабдуулар орнотулган 245 килограммдык аппарат Айдын орбитасына ийгиликтүү чыккан.
Негизги максат — анын Айдын орбитасына бекем орношуу, анын айланасындагы мейкиндикти жана бетинин химиялык курамын изилдөө болгон. Бүткүл СССР "Луна-10дун" учушуна чоң кызыгуу менен көз салып турган.
56 күндүн ичинде аппарат 219 ирет байланышка чыккан. Айдын орбитасына жеткирген жүктүн салмагы жана активдүү иштеши боюнча да рекорд койгон. Дагы бир өзгөчө учур — космоско биринчи ирет учкан Юрий Гагарин кошо отурган КПССтин XXIII съездинин делегаттарынын Айдын өзүнөн түз алып берилген "Интернационалды" уккан.
"Интернационал" — дүйнөлүк жумушчу табынын жана коммунисттик партиялардын эл аралык гимни.
"Луна-10дун" ийгилиги СССРдин дүйнө боюнча космостук жарыштагы лидерлигин тастыктап, Айга болгон келечектеги, кийинки учууларга негиз салган. Бүгүнкү күндө бул аппарат жасалган Лавочкин атындагы илимий-өндүрүштүк бирикме 2028-жылы "Луна-26" станциясын учурууга даярданууда. Бул спутник изилдөөдө жаңы этапты ачат деген ишеним бар.
СССРдин алгачкы орбиталык "Союз-5" станциясынын тарыхы. Видео