БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюму КМШда байкоочу макамын алууну каалап жатат. Бул тууралуу шериктештиктин башкы катчысы Сергей Лебедев билдирди.
Ал өткөн жылы "КМШ+" форматын жана байкоочу макамын киргизүү тууралуу чечим кабыл алынганын эске салды.
"ШКУ өзүнүн башкы катчысы аркылуу бизге байкоочу болууну каалагандыгы тууралуу нота тапшырды. Шанхай кызматташтык уюму менен көптөн бери жакшы мамилебиз бар. Эми аны ушул макам аркылуу расмий бекемдейбиз", — деди ал Sputnik агенттигине Москвада өткөн КМШнын экономикалык форумунун алкагында.
"КМШ+" форматы жана байкоочу макамына байланыштуу маселе шериктештикке мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрликтери тарабынан каралып жатат.