Кыргызстан Иранга 7 фура гумжардам жөнөтөт

Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Кыргызстан Иранга гуманитардык жардам көрсөтө турганын ӨКМ билдирди.
АКШ менен Израилдин чабуулунан жабыркаган Тегеран жалпы 129 тонна жардам алат, азык-түлүк (ун, эт консервалары, өсүмдүк майы), дары-дармек жети фурага жүктөлүп даяр турганы айтылды.
Жабыркаган жай жарандарга жардам президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен берилүүдө. Жүктү Кыргызстандын Ирандагы элчиси Акылбек Кылычев башында турган топ тапшырмакчы.
ТИМ кыргызстандыктарды Жакынкы Чыгыштан чыгып кетүүгө чакырды