БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Бишкекте түндө адам өмүрүн алган автокырсык болгонун Кайгуул милициясы кабарлады.
Каргаша 3-апрелге караган түнү саат 2:20да катталган. Маалымдалгандай, Lexus 460 жолтандабасынын рулунда 25 жаштагы адам отурган. Ал Аалы Токомбаев көчөсүндө катуу ылдамдыкта баратып, алгач жөөлөрдүн өтмөгүнөн кишини өткөрмөкчү болуп токтогон Honda Fit автокөлүгүн артынан сүзүп, андан соң жөө адамды койдуруп кеткен. Андан кийин жолдун жээгинде токтоп турган дагы эки автоунаага урунуп барып, токтогон.
Жолдон өтүп бараткан 25 жаштагы жигит окуя болгон жерден каза тапкан.