4-апрелге карата аба ырайы

4-апрелге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Ишембиде күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй жана Баткен облустарында +21...+26, Талас аймагында +20...+25, Ош, Жалал-Абадда +22...+27, Ысык-Көл өрөөнүндө +18...+23, Нарын жергесинде +17...+22 градус ысык болот.
Бишкек жана Ош шаарларында ала булут каптап турат. Күндүн табы борбор калаада +23...+25, Ош калаасында +22...+24 градуска чейин көтөрүлөт.
Кыргызстан Иранга 7 фура гумжардам жөнөтөт