Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев акыркы жылдары дүйнөдө Dota 2, Fortnite жана башка оюндар боюнча көп миллиондук байге фонду бар ири турнирлер өткөнүн эске салып, Кыргызстанда киберспортту расмий түрдө таанып, аны мамлекеттик деңгээлде өнүктүрүүнү сунуштады. Бирок Киберспорт федерациясы аталган спорттун түрү Дене тарбия жана спорт агенттигинин реестрине катталып, расмий ишмердүүлүк жүргүзүп жатканын белгиледи. Киберспорттун алдыдагы эл аралык мелдештерге даярдыгы, өлкөдөгү абал тууралуу Кыргызстандын киберспорт федерациясынын биринчи вице-президенти Тариэл Болотбеков менен баарлаштык.