Көмүр казган ишканалар үчүн салыктан жеңилдиктер каралып чыгат Ошто "Ала-Тоо жазы" фестивалы өтөтКыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жер титиредиКыргызстан менен Тажикстандын чек арасында бүгүн, 3-апрелде саат 16:26лар чамасында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти. Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 6 баллга жетти. Жер титирөөнүн очогу Тажикстанда, Баткен шаарынан 130 чакырым түштүктө жайгашкан. Кыргызстандын Кара-Тейит, Карамык жана Каравшин айылдарында жердин силкинүүсү болжол менен 3 балл болду. Учурда жабыркагандар же кыйроолор тууралуу маалымат жок.
Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында көмүр казуучу компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда ал көмүр казуучу компаниялар өздөрүнүн көйгөйлөрү жөнүндө айтып, аларды чечүүнү суранышканын белгиледи. "Мен аларга мыйзам долбоорун иштеп чыгып, бизге тапшырууну сунуштадым. Мен алардын мыйзам долбоорун карап чыктым. Менимче, алар мамлекеттин да, бизнестин да кызыкчылыктарын эске алган тең салмактуу мыйзам долбоорун жазышты. "Кыргызкөмүр" ишканасы бул боюнча өз пикирин берет, биз болсо өз пикирибизди бир жуманын ичинде сунуштайбыз. Бир жумадан кийин дагы бир эксперттик деңгээлдеги жыйын өткөрөбүз. Эгерде парламент бул мыйзам долбоорун каникулга чейин кабыл алса жана президент ага кол койсо, бул көмүр өнөр жайын жөнөкөйлөштүрүүгө алып келет", — деп баса белгиледи ал.
29–30-апрелде Ош шаарында "Ала-Тоо жазы" студенттердин фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, маданий иш-чара Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген таланттуу жаштарды бириктирип, алардын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн кеңири коомчулукка тартуулоону максат кылат. Фестивалда вокалдык искусство, классикалык музыкалык аспаптарды ойноо, фольклордук аткаруучулук жана хореография багыттарында чыгармалар тартууланат. Иш-чара эки баскычта уюштурулат: биринчи баскычта жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын ичинде тандоо турлары өтсө, экинчи баскычта финалдык этапка өткөн мыкты командалар күч сынашат. Белгилей кетсек, сынакка Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын студенттери жана музыкалык же искусство багытындагы факультеттерде окуган студенттер катыша алышпайт.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР:Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 41 тыйынга юань 12 сом 72 тыйынга рубль 1 сом 7 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 74 сом 40 тыйындан баштап сатылууда. Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 80 сом 40 тыйындан жогору, дизель майы литрине 79 сом 80 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 39 сом 40 тыйындан сатылууда.
АБА ЫРАЙЫ 4-апрелге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 4-апрель, ишембиде күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй жана Баткен болустарында +21...+26, Талас аймагында +20...+25, Ош, Жалал-Абадда +22...+27, Ысык-Көл өрөөнүндө +18...+23, Нарын жергесинде +17...+22 градус ысык болот. Бишкек жана Ош шаарларында ала булут каптап турат. Күндүн табы борбор калаада +23...+25, Ош калаасында +22...+24 градуска чейин көтөрүлөт.