ЕАЭБ алкагында интеграция: кандай чечимдер кабыл алынды?

Sputnik
Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы интеграциялык процесстер дагы бир маанилүү этапка өттү. Москва шаарында өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынында 35 маселе каралып, санариптештирүү, техникалык жөнгө салуу, мамлекеттик сатып алуулар жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо сыяктуу багыттарда чечимдер кабыл алынды. Бул өзгөрүүлөр Кыргызстандын экономикасына кандай таасир берет? Жергиликтүү бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылабы же тескерисинче талаптар күчөйбү? “Ачык кеп” уктуруусунан адистен кененирээк жооп алдык.