Ички иштер министрлигинде президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу алкагында онлайн жыйын өттү. ИИМден билдиришкендей, жыйынга ИИМ жетекчилиги, президенттин администрациясынын, мэриялардын, жергиликтүү бийлик органдарынын жана телекоммуникациялык ишканалардын өкүлдөрү катышты. Жыйындын негизги темасы — коомдук коопсуздукту күчөтүү үчүн республика боюнча сырткы видеобайкоо камераларынын санын көбөйтүү маселеси болду. "Коопсуз өлкө" долбоорунун алкагында республика боюнча миңдеген жаңы камераларды орнотуу мерчемделүүдө. Бул санариптик система кылмыштуулуктун алдын алууга, жол кыймылын көзөмөлдөөгө жана тартипти сактоого багытталган. "Алдыдагы ШКУ саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган аймактарга өзгөчө көңүл бурулат. Видеобайкоо системасы коноктордун жана жарандардын коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздайт",-деп айтылат маалыматта.
Ташкент — Ош — Ташкент багыты боюнча авиакаттам ачылды, учууларды Centrum Air компаниясы аткарат. “Рейстер жумасына эки жолу — шаршемби жана ишемби күндөрү үзгүлтүксүз аткарылып турат. Учуу узактыгы 1 саат 10 мүнөт. Расписание Ташкенттеги ыңгайлуу туташтырууларды эске алуу менен түзүлгөн”, — деп “Кыргызстан аэропорттору” ААКсынан билдиришти.
ЕАЭБ айдоочусуз жүк ташууларды өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу Санкт-Петербургда өткөн Биринчи эл аралык транспорт жана логистика форумунда ЕАЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев билдирди. Анын айтымында, комиссиянын тиешелүү бөлүмү жана "Санариптик транспорт жана логистика" ассоциациясы бир катар долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашышкан. "Алдыда санариптик жана айдоочусуз транспорт рыногунда атаандаштыкты күчөтүү үчүн көптөгөн татаал иштер турат. ЕАЭБде айдоочусуз жүк ташуу — кыял эмес, зарылчылык", — деди Кожошев биргелешкен иш-чаралар планына кол коюунун жыйынтыгында. Белгилей кетсек, 2027-жылы биримдикте айдоочусуз жүк ташуучу унааларды колдонуу боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилет.
Австралиянын Флиндерс университетинин окумуштуулары жарыялаган макалада Жер калктын санынын өсүшүнө туруштук бере албай калышы мүмкүн экени айтылат. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Изилдөөчүлөрдүн маалыматына караганда, азыркы өсүү темпи сакталса 2070-жылдардын аягына карата дүйнө калкынын саны 12,4 миллиард адамга жетет. Бул биздин планетаны жетер чегине алып келиши мүмкүн. "Жер, суу, энергия, биологиялык ар түрдүүлүк жана башка ресурстарды пайдалануу боюнча социомаданий практиканы олуттуу өзгөртмөйүнчө Жер келечектеги калктын деңгээлин, ал тургай азыркы калктын деңгээлин да көтөрө албайт", — деп айтылат макалада. Ошол эле учурда окумуштуулар планета үчүн ылайыктуу калктын саны 2,5 миллиарддын тегерегинде деп эсептешет.