БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга жана "Дастан" ААКнын жетекчилигине ата мекендик учкучсуз учуучу аппараттарды чыгарууну тапшырды. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, бүгүн өлкө башчы ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышкан. Заводдун негизги багыттарынын бири — деңиз торпедалык куралдарын даярдоо. Президент аны мындан ары өнүктүрүү жана модернизациялоо маселелерин талкуулаган.
"Бул тапшырма өлкөнүн коргонуу-өнөр жай потенциалын чыңдоого, жогорку технологиялык тармактарды өнүктүрүүгө жана импорттук продукцияга көз карандылыкты азайтууга багытталган", — деп айтылат маалыматта.
"Дастан" ААКсы электрондук, медициналык жана башка өнөр жай продукцияларын иштеп чыгууну жана өндүрүүнү жүзөгө ашырган көп тармактуу ишкана болуп саналат.