Британияда тарыхтагы эң кымбат турак жайды сатуу келишими түзүлдү

Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Улуу Британияда тарыхтагы эң кымбат үй соодалангандыгын Bloomberg жазды.
Анда миллиардер Ник Кэнди Лондондун абройлуу Челси районундагы үй-бүлөлүк сарайын "аты аталбаган кардарга" 270 миллион фунт стерлингге (350 миллион доллар) сатканы айтылат.
Турак жай болжол менен бир гектарга чукул аянтта жайгашкан. Мурда бул жерде Британиянын биринчи премьер-министри Роберт Уолпол жашаган резиденция болгону айтылды. Аймакта көлмө жана бассейн да бар.
Таласта күрөөканага өтүп кеткен үй ээсине кайтарылды