Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. 6-12-апрель күндөрү Бишкек шаарындагы "Жаштык аренада" күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт.
Дене тарбия жана спорт агенттиги билдиргендей, балбандар грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча күч сынашат. Жалпысынан 350гө жакын балбан катышып, 30 комплект медаль ойнотулат.
Чемпионаттын программасы күрөштүн түрлөрүнө жараша төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
6-8-апрель — грек-рим күрөшү боюнча мелдештер;
8-10-апрель — кыз-келиндер күрөшү;
10-12-апрель — эркин күрөш боюнча таймаштар.
Кыргызстандын улуттук курама командасынын намысын грек-рим күрөшү боюнча 10 спортчу, кыз-келиндер күрөшү боюнча 9 жана эркин күрөш боюнча 10 балбан коргойт.
Акжол Махмудов менен Сезим Жуманазарованын Ташкенттеги укмуштуудай жеңиши. Видео