"Күнү бүтүп баратат". Европадагылар НАТОнун келечеги туурасында айтышты

Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Европадагылар НАТОнун иши аксап, ал тургай уюм урай баштады деп эсептей баштады. Бул туурасында Politico басылмасы атын айткысы келбеген европалык аткаминерлерге таянып жазды.
Басылма европалык лидерлер АКШнын президенти Дональд Трамптын альянстан чыгып кетем деген опузасына кандай кадам жасаш керектигин чакан чөйрөдө талкуулап жатышканын кабарлаган.
"НАТО тарай баштаганы айкын эле болуп калды... Альянс таптакыр эле жок болушун күтүп отура албайбыз", — деген ЕБдеги аткаминерлердин бири.
Ал Европа эми коргонуусун тез арада бекемдеши керектигин айткан.
Еаропалык дагы бир башка дипломат басылма менен маектешип жатып, "НАТО шал болуп" жана бөлүнүп-жарылып бара жатканын белгилеген. Брюсселде, жеке сүйлөшүүлөрдө саясатчылар АКШнын саясатындагы болуп кетчү өзгөрүүлөргө кандай реакция кылабыз деген сценарийди да талкуулап жатканы белгилүү болду.
Politico бейформал талкууларда европалык чиновниктер АКШнын сындаганы "НАТОну талашсыз алсыратып" жатканын айтышууда деп жазды. Алардын айтымында, альянстын негизинде, уставга ылайык, мүчө мамлекеттер кол салууга дуушар болгон өнөктөшүн коргоого даяр болушу керек деген идея жатат. Бирок "Трамп бул идеядан ушунчалык көп ирет күмөн санагандыктан НАТОго карата ишенбөөчүлүктү расмий саясатка айлантып койду" дешүүдө.
Басылма белгилегендей, европалык өлкөлөрдүн арасында НАТОнун ишенимдүүлүгүн кантип калыбына келтирүү керек же кырдаал кыйындап кетсе ордун эмне менен алмаштырсак болот деген маселеде азырынча бирдиктүү позиция жок. Мындан сырткары, НАТОнун башкы катчысы Марк Рюттенин Вашингтондун сын-пикиринен качып туруп алышы жана блоктун ичинде олуттуу деле көйгөй жок деп бекемдей бериши союздаштардын кыжырын келтиргенин жазган.
Аны менен катар эле Трамптын коомчулукка жасаган билдирүүлөрүнө карабай Ак үй НАТОдон чыгып кетүү тууралуу маселени талкуулабагандыгы айтылган.
Мурдараак Трамп Ормуз кысыгы боюнча Вашингтондун өтүнүчүнө НАТО тараптан оң жооп берилбесе анын кесепети жакшы болбостугун Financial Times басылмасына интервью берип жатканда айткан. Ал эми Telegraph гезитине берген маегинде Ирандагы операцияда колдоо көрсөтпөгөнү үчүн аталган альянстан чыгууну олуттуу эле карап жатканын билдирген.
Трамп колдоо токтошу мүмкүн экенин айтып НАТОго кайрадан сес көрсөтүүдө