БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. ЕАЭБ айдоочусуз жүк ташууларды өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу Санкт-Петербургда өткөн Биринчи эл аралык транспорт жана логистика форумунда ЕАЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев билдирди.
Анын айтымында, комиссиянын тиешелүү бөлүмү жана "Санариптик транспорт жана логистика" ассоциациясы бир катар долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашышкан.
"Алдыда санариптик жана айдоочусуз транспорт рыногунда атаандаштыкты күчөтүү үчүн көптөгөн татаал иштер турат. ЕАЭБде айдоочусуз жүк ташуу — кыял эмес, зарылчылык", — деди Кожошев биргелешкен иш-чаралар планына кол коюунун жыйынтыгында.
Белгилей кетсек, 2027-жылы биримдикте айдоочусуз жүк ташуучу унааларды колдонуу боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилет.