БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Ташкент — Ош — Ташкент багыты боюнча авиакаттам ачылды, учууларды Centrum Air компаниясы аткарат.
“Ош” эл аралык аэропортуна 98 жүргүнчү келсе, Ташкентке 141 жүргүнчү учуп кеткен.
Ташкент — Ош — Ташкент
© Фото / ОАО "Международный аэропорт "Манас"
“Рейстер жумасына эки жолу — шаршемби жана ишемби күндөрү үзгүлтүксүз аткарылып турат. Учуу узактыгы 1 саат 10 мүнөт. Расписание Ташкенттеги ыңгайлуу туташтырууларды эске алуу менен түзүлгөн”, — деп “Кыргызстан аэропорттору” ААКсынан билдиришти.