БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Мурунку эл өкүлү Шаирбек Ташиев Биринчи май райондук сотунун чечими менен 16-майга чейин №1 тергөө абагына камакка алынды.
ИИМ Ташиев "Кыргызнефтегаздагы" коррупция, анын ичинде мамлекетке 4,1 миллиард сом зыян келтирилгени боюнча шектелип кармалганын билдирген. УКМКнын мурунку төрагасынын иниси суракта "Кыргызнефтегазда" мунай бар экендигин угуп, алар менен нефть сатып алабыз деп келишим түзүүгө баргандыгын айткан.
Эске салсак, 16-мартта Салык кызматы "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схема тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда ортомчу схемалар жана чийки затты шектүү эсептен чыгаруулардан улам ишкана болжол менен 4,18 миллиард сом зыян тартканы белгиленген. Ошондой эле бул схемаларга Ташиевдин туугандары, үй-бүлөсүнүн катышы бар экени айтылган.
Мындан улам "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы коррупцияга шектелип кармалган төрт адам 16-майга чейин №1 тергөө абагына камалган. Ал эми Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев 16-майга чейин үй камагына алынган.
Ташиев 16-март күнү депутаттык мандатын тапшырып берген болчу.