Кыргызстан менен Россиянын коргоо министрлери жолукту

Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын коргоо министрлери — Руслан Мукамбетов менен Андрей Белоусов Москвада жолугуп, пикир алмашышты.
Белоусов Москва менен Бишкек бирге иш алып барып, максаттарга жетүү үчүн күчтөрдү жана каражаттарды аныкташы керек экенин белгиледи.
Мукамбетов КМШга мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Москвадагы салттуу меймандостук үчүн кесиптешине ыраазычылык билдирди. Иш-чара Москвада өтүп жатат.
“Биз Россия менен аскердик кызматташуунун өнүгүү интенсивдүүлүгүнө канааттанабыз жана анын алкагында биргелешкен долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз”, — деди ал.
Россия менен Беларуста жаңы "Союзный" телеканалы ачылууда