БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Иран АКШнын, Европанын жана башка мамлекеттердин элине кастарын тикпейт, жаман көрбөйт. Муну аталган өлкөнүн президенти Масуд Пезешкиан америкалыктарга жасаган кайрылуусунда айтканын РИА Новости жазды.
"Ирандыктар башка улуттарга, анын ичинде АКШнын, Европанын жана коңшу башка мамлекеттердин элине душмандык кылбайт. Тыштан кийлигишип, улам басым-кысым кылган шартта да ирандыктар өкмөттөр менен ошол өкмөттөр башкарган элди дайыма ажырата билип келген", — деген Пезешкиан.
Ошондой эле ал Иранды коркунуч катары көрсөтүүнүн тарыхый да, реалдуу да негизи жок экенине токтолду. Анын пикиринде, бул тышкы душмандын болушуна кызыкдар тараптардын саясий жана экономикалык кызыкчылыктарынан улам жасалууда.
Ал ушул тапта дүйнө тандоо алдында турганын баса белгиледи. Тирешүүнү улантуу барган сайын зыянга учуратып, эч кандай мааниге ээ болбой бара жатканын айтты.
Пезешкиан ошондой эле Иран далай агрессорлорду көргөнүн, андайлар өмүр бою эле азуусун айга жанып турбастыгын, заманы өтүп, тарых барактарында билинер-билинбес болуп калганын баса белгилеген.
АКШ менен Израиль 28-февралда Иран аймагындагы объектилерге, анын ичинде Тегеранга сокку ура баштаган. Кыйроолор жана жай тургундардын өлүмү тууралуу маалыматтар бар. Иран жооп иретинде Израиль аймагына жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскерий объектилерине сокку уруп, айбат кылууда. Каршылашуунун ырбап кетиши Ормуз аркылуу өткөн кеме каттамынын толук токтошуна алып келди. Ал араб өлкөлөрүнөн мунай жана суюлтулган жаратылыш газын жеткирген негизги жол эле.