Бишкектин бир бөлүгү интернетсиз калабы? Мэриянын жообу

Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы интернет-провайдерлерге зымдарды демонтаждоого 48 саат берилгени боюнча маалыматка түшүндүрмө берди.
Буга чейин провайдерлердин өкүлдөрү демонтажга аз убакыт берилгендиктен шаардыктар интернетсиз калышы мүмкүн экенин айтып чыгышкан.
“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров Sputnik агенттигине билдиргендей, провайдерлерге демонтаж боюнча эки жолу расмий кат жөнөтүлгөн. Аларга февралдын башында 1-мартка чейин убакыт берилип, кийин мөөнөт 31-мартка чейин узартылган.
Капаровдун айтымында, мындай иш-чара “Таза асман” долбоорунун алкагында жана Көчмөндөр оюндары менен ШКУнун саммитине даярдыкка карата жүрүүдө.
Интернет зымдары Жибек Жолу, Айтматов/Манас, Абрахманов/Байтик баатыр, Чүй проспектилеринин, Горький, Ахунбаев жана Ауэзов көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө алынууда.
Бишкекте жылуулук менен ысык суу качан өчүрүлөрү маалым болду