75 кишинин чуулуу каты парламентке кантип түшкөнүн спикер Маматалиев айтып берди. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. 75 кишинин чуулуу каты парламентке кантип түшкөнүн Жогорку Кеңештин спикери Марлен Маматалиев парламенттин бүгүнкү жыйынында айтып берди.
Ал спикер болуп шайланган алгачкы күнү эле дароо бул маселени териштиргенин билдирди. Төраганын айтымында, кайрылуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетке түшүп, кароого дароо жиберилген.

"Комиссия кагаз кантип бул жакка келгенин жана кантип комитетке чейин жеткенин аныктап чыккан. Бүгүнкү күндө анын жыйынтыгы ИИМге берилип, тергөө жүрүп жатат. Кат Жогорку Кеңешке келип-келе электе эле бул жактан күтүп, тосуп алышкан. Эмнегедир кайрылуу мурдагы төраганын (Нурланбек Тургунбек уулу — ред.) колуна жардамчылары аркылуу тийген. Андан соң тийиштүү тапшырмалар берилип, тиешелүү комитеттин кароосуна жиберилген", — деди Маматалиев.

Эске салсак, 9-февралда 75 адамдан турган мурдагы аткаминер, саясатчы жана коомдук ишмерлер президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Тургунбек уулуна кат жолдогон. Алар катында жакын арада мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырганы айтылган.
Президент алардын кылыгын сынга алып, коомчулукка жик салууга айыптаган.
Катасын сезгендир... Жапаров Нурланбек Тургунбек уулунун кызматтан кетиши тууралуу