2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет

Sputnik
Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү системасы акыркы жылдары активдүү реформаланып, жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө багыт алган негизги тармактардын бири болуп калды. Өлкөдө бала бакчаларга камтуу көрсөткүчү өсүп, жаңы мекемелер ачылып, кошумча топтор түзүлүүдө. Өкмөт 2030-жылга чейин балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоону 80 пайызга жеткирүүнү максат кылууда. Бул багытта кандай иштер аткарылып жатат, жетишкендиктер менен катар кандай көйгөйлөр бар жана алдыда кандай пландар каралууда — ушул суроолорго «Ачык кеп» уктуруусунда жооп алдык.