Бишкекте белгилүү жазуучу Михаил Булгаковдун чыгармачылыгына арналган көргөзмө өтөт. Иш-чара маданият сүйүүчүлөрүн, студенттерди жана театр күйөрмандарын бириктирүүгө багытталган.
Көргөзмөнүн максаты — улуу жазуучунун өмүр жолу жана адабий мурасы менен тааныштыруу, анын дүйнөлүк адабияттагы ордун көрсөтүү. Экспозицияда архивдик материалдар, китептер, фотосүрөттөр жана чыгармалары тууралуу маалыматтар сунушталат.
«Спутниктен сүйблөйбүз» берүүсүндө Алтынай Иманбекова мындай маданий иш-чаралар жаш муунду классикалык адабиятка кызыктырууга жана маданий байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөрүн айтты.