Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Бастрыкин: украин армиясы Курск облусунда элди мазактап, басмырлаган

Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Курск облусуна кирип барган украиналык аскерлер жай жарандарды атайылап мазактап, басмырлап, муну менен катар эле жапырт өлтүргөн. Бул туурасында Россиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин РИА Новостиге берген маегинде айтты.
"Согушкерлер Курскиге кирип баргандан кийин эмне кылып жатканын өздөрү жакшы эле түшүнүп туруп, тагыраагы, элди атайылап мазактап, басмырлаган. Жапырт кырган учурлар да болгон, андан сырткары, калк жашаган аймактар менен жарандык инфраструктурага ракеталык куралдарды атайылап пайдаланган. Мындан улам адамдар өлгөн", —деген Бастрыкин.
Ал россиялык аскерлер украиналык көп согушкерди кармагандыгын айтты. Тергөө туткундалгандардын бардыгы тынчтыкка жана адамдын коопсуздугуна каршы жасалган кылмыштарга, терактыларга, канкорлукка, оор кылмыштарга тиешеси болгонун аныктаган.
Эске салсак, 2024-жылы 6-августта украин согушкерлери Курск облусуна кирип келген. Бирок көп өтпөй Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов алардын жылышы токтотулганын президентке кабарлаган. Марттын башында РФ армиясы масштабдуу чабуулун баштап, аймактын 1100 чарчы чакырымын бошотуп алган. 10-августта Россиянын Белгород, Курск жана Брянск облустарында террорчулукка каршы операция режими киргизилген. 21-августта Курск багытында украин армиясы 4400гө чукул аскери менен 65 танкасынан ажырагандыгын билдирген. Жалпы жонунан 60 калктуу конуш Россия Куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлүнө кайтарылган.
Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, кол салуунун кесепетинен 330дан ашык адам каза болуп, жүздөгөн адамдар жаракат алган. Жабыркагандардын арасында ондогон балдар да болгон. Кийинчерээк ал түгүл украиналык депутаттар менен аскерлер аны "трагедия жана ийгиликсиз кадам" деп атаган. Мында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн операциясы Киев үчүн чоң жоготууларды алып келген. РФ Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, 75 миңден ашык аскер набыт болгон.
Армия жер алдындагы түтүк менен 14 чакырым жүргөн. Суджанын бошотулушу видеодо