БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Ош шаарынын мурунку мэри Жеңишбек Токторбаев кечээ сурак берип, бүгүн кайра чакырылганын укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адамдар кабарлады.
Маалыматка ылайык, ал калааны башкарып турган кезиндеги иштер боюнча күбө катары суралып жатат.
Буга чейин соцтармакта мэрия Токторбаев башкарып турганда 12 миллиард сом карыз болгону айтылган. Экс-мэр подрядчыларга карыз бар экенин моюнга алган, бирок сумма көрсөтүлгөндөн кыйла аз экенин билдирген.
Токторбаев мэрликтен ушул жылдын 18-февралында кеткен.