БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Кыргызстан мөмө-жемиш жана жашылча ширесинин экспортун жүз эсе көбөйттү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка караганда, январь айында республика 37,5 тонна азык саткан. Товардын баары ЕАЭБ мүчөлөрү болгон Россия менен Казакстанга жөнөтүлдү.
Белгилей кетсек, былтыр январда шире экспортунун көлөмү болгону 100 литрге жеткен эле.