Шаирбек Ташиев кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиев кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ал "Кыргызнефтегаз" ААКсында коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, Бишкек ШИИББине жеткирилген.
Ташиев Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинде ("Коррупция") көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелүүдө.
Эске салсак, 16-мартта Салык кызматы "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схема тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда ортомчу схемалар жана чийки затты шектүү эсептен чыгаруулардан улам ишкана болжол менен 4,18 миллиард сом зыян тартканы белгиленген. Ошондой эле бул схемаларга Ташиевдин туугандары, үй-бүлөсүнүн катышы бар экени айтылган.
Мындан улам "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы коррупцияга шектелип кармалган төрт адам 16-майга чейин №1 тергөө абагына камалган. Ал эми Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев 16-майга чейин үй камагына алынган.
Ташиев 16-март күнү депутаттык мандатын тапшырып берген болчу.
Белгилей кетсек, ал буга чейин бир нече жолу суракка чакырылган.
Президенттик администрация Ташиевдер "Кыргызнефтегазды" кантип калчаганын айтты