Россияда кантип акысыз билим алууга болот. Видео

Бишкекте ЖОЖдордун "Россиядагы билим берүү — 2026" көргөзмөсү башталды. Ага Россиянын ар кайсы шаарындагы алдыңкы делген 27 университет катышып жатат.
Sputnik
Окуучуларга, абитуриенттерге жана алардын ата-энелерине окууга өтүүнүн жол-жобосу, билим берүү программалары жана окуунун шарттары тууралуу маалымат берилүүдө. Келгендер окуу жайлардын өкүлдөрү менен бетме-бет жолугуп, кызыккан суроолорун бере алышат.
Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев көргөзмө окуу боюнча эле эмес, жашоо шарты, коопсуздук маселеси жана карьера жасоо боюнча маалымат алууга жакшы мүмкүнчүлүк экенин белгиледи.
"Россотрудничество багыты боюнча Россия өкмөтүнүн квотасы менен акысыз билим алууга болот. Мындан тышкары, быйыл биринчи жолу кошумча колдоо каралып, 700 орундан башка дагы таланттуу абитуриенттер үчүн 25 грант бөлүнүүдө. Акча окуунун өзүн эле эмес, жашаганын, жолун, медициналык камсыздандырууну жаап, жогорулатылган стипендияны шарттайт", — деди ал.
Көргөзмө Бишкектен тышкары Кара-Балта, Кант жана Токмок шаарларында да өтөт. Каалоочулар үчүн кирүү акысыз. Иш-чара 3-апрелге чейин созулат.