Ошто турак үйдөн чыккан өрт бир адамдын өмүрүн алды

Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Ош шаарында турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тилсиз жоону өчүрүүгө 00:32де жалпы эки бөлүм тартылып, өрт саат 03:08де толук өчүрүлгөн.
Кырсыктын кесепетинен 68 жаштагы славян улутундагы эркек киши каза тапканы айтылды.
Ноокенде бала бакчадагы бойлер жарылып, дубалдар урап түшкөн. Видео